Кыргызстандын ички дүң продукциясы 1 триллион сомдон ашты

09:29, 28 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын ички дүң продукциясы 1 триллион сомдон ашты. Муну Экономика жана коммерция министрлигинин сайтындагы атайын эсептегичтин маалыматтары көрсөтүп турат.

Ага ылайык, ИДП 1 триллион 15,2 миллиард сомду түзүп, өсүп жатат.

Фото Экономика министрлигинин сайтынан скрин

Эскерте кетсек, өткөн аптада Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бийлик ИДПнын көлөмүн 1 триллион сомго жеткирүүнү пландап жатканын айткан.

«Бул тарыхый учур. Инфляцияга карабастан, эмгек акынын реалдуу бөлүгү өсүүдө. Мамлекеттик банктарды күчтөндүрүп, алардын уставдык капиталын көбөйттүк, ал 100 миллион доллардан ашты», — деп билдирген министрлер кабинетинин төрагасы.