Бишкекте №33 мектептин окуучулары жана кызматкерлери эвакуацияланууда. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине окуянын күбөсү билдирди.
Анын айтымында, милицияга окуу жайга бомба коюлгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
Учурда мектептин аймагы текшерилип, аны укук коргоо органдары курчоого алды.
Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы кийинчерээк маалымат бериле тураганын билдирди.