19:21
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Ош облустук милициясынын башчысынын үч орун басары кызматтарынан бошотулду

Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысынын үч орун басары ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин, 23-ноябрда социалдык тармактарда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги көп кабаттуу үйдүн алдында мушташып жатат деген мааламат тараган. Аталган окуя боюнча материалдар Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.

Окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу жана ички иликтөө кызматкерлери барып, далил катарында канга окшогон кызыл түстөгү тактардын үлгүлөрү жана видео далилдер алынган.

«Ош ОИИБнын окуяга тиешеси бар жетекчилик курамдагы кызматкерлерине карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, аларды жана башка кошумча күбө адамдарды тактап, аларды суракка алуу үчүн тиешелүү кызматтарга атайын тапшырмалар жиберилди. ИИМдин ички кызматтык иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Жоробековго «кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө» эскертүү тартип жазасы берилди», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын ыкчам иштери боюнча орун басары милициянын полковниги Алмаз Усеналиев жана коомдук коопсуздук боюнча орун басары милициянын полковниги Салмоорбек Шералиев, кадр иштери боюнча орун басары милициянын полковниги Улан Асанбаев ээлеген кызматынан бошотулду.

«Бул окуя боюнча топтолгон материал тийиштүү органдарга жиберилип, юридикалык баа берилет», — деп белгиледи мекеме.

Эң көп окулган жаңылыктар