Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үч тик учак, 700 техника менен толукталды
17:29, 24 ноября 2023, Бишкек - 24.kg
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үч тик учак, 700 техника менен толукталды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Республикалык бюджеттин эсебинен:
- Airbus H-125, H-145 үлгүсүндөгү тик учактар;
- 20 автобус, 20дан ашуун оор жана жүк ташуучу унаалар, 10дон көп жол тандабас унаа;
- 58 өрт өчүрүүчү унаа Дүйнөлүк банк аркылуу жаңыланды.
Ал эми гранттык негизде:
- Кытайдан 100 өрт өчүрүүчү жана 38 унаадан турган эки мобилдүү госпиталь;
- Россиядан 40 өрт өчүрүүчү унаа, бир Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү көп максаттуу тик учак;
- Түркиядан бир катер алынган.
Ошондой эле Түштүк Корея, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана башка ушул сыяктуу уюмдардан куткаруучу, жүк ташуучу жана жеңил унаалар келген.