Социалдык тармактардагы пикири үчүн кармалган 75 жаштагы пенсионер Салия Таштановага айып пул салынды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жалал-Абад облустук сотунан билдиришти.
Салия Таштанова Кылмыш-жаза кодексинин «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айыпка жыгылды.
Эскерте кетсек, пенсионер октябрь айында кармалган. Анын адвокаты Токтосун Жоробековдун айтымында, Адахан Мадумаров камалгандан кийин Салия Таштанова президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасаган. Анда ал өлкөдө баалар көтөрүлүп, адилеттүүлүк жок экенин айткан. Андан кийин тергөөчүлөр ага карата «президент менен УКМК башчысын каралоо» жана «элге чакырык жасоо» деген жүйө менен кылмыш ишин козгошкон.
Ошондо Салия Таштанова менен кошо Кочкор-Атанын тургуну, 44 жаштагы Чыныгүл Шеркулова да кармалган. Ага дагы Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси боюнча айып тагылган. Аял социалдык тармактарда жалган маалымат таратууга айыпталууда. Адвокаттын айтымында, ал «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү болгон.
Облустук соттон билдиришкендей, Чыныгүл Шеркулованын иши судьянын кароосуна келе элек.