13:48, 24 ноября 2023, Бишкек - 24.kg
Нарын облусунда жаңы туристтик жол белгилери пайда болду. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду билдирди.
«Нарын, Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорундагы белгилер Таш-Рабат, Соң-Көл, Чатыр-Көл, Көл-Суу көлдөрүнө, Кажырты шаркыратмасына, Каратал-Жапырык коругуна, Эки-Нарын капчыгайына жана башка популярдуу жерлерге чейинки аралыкты көрсөтүп турат», — деп айтылат маалыматта.
Жалпысынан Нарын облусунда маалыматтык навигация долбоорунун алкагында 16 белги орнотулду. Келечекте алар өлкөнүн бардык аймактарында пайда болот.