Сосновка постунда жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

10:11, 24 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө саат 9:30да алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери Бишкек — Ош жолунун керектүү тилкелерин кардан тазалап жатышат. Мындан тышкары, инерттүү материалдар себилип жатат.