Кыргызстанда 600 миңдей окуучу ысык тамак менен камсыздалган

10:00, 24 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 600 миңге жакын баланын ысык тамагы республикалык бюджеттен каржыланат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева КМШ өлкөлөрүнүн мектеп тамак-ашы боюнча биринчи форумунда билдирди.

Ал улуттук программанын негизги максаты — башталгыч класстардын окуучуларын пайдалуу ысык тамак менен камсыз кылуу экенин белгиледи. Ал окуучулардын сапаттуу билим алуусуна өбөлгө түзүп, натыйжалуулугун жогорулатып, окууга шыктандырат.

БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын «Мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу» долбоорунун алкагында техникалык жабдуу, инфраструктураны жакшыртуу, ошондой эле менюну иштеп чыгуудагы колдоосу жана жардамы белгиленди.

Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө 1-4-класстардын ар бир окуучусу үчүн ысык тамакка республикалык бюджеттен 7 сом бөлүнөт (алыскы жана бийик тоолуу райондор үчүн 10 сом). 2022-жылдын ноябрында билим берүү жана илим министрлиги бул сумманы 20 сомго чейин көбөйтүү жөнүндө токтом долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга коюлган. Бирок март айында министрлер кабинети мектеп тамак-ашына бөлүнгөн каражатты көбөйтө албай тураганы белгилүү болду, себеби каражаттын жетишсиздиги.