17:30, 23 ноября 2023, Бишкек - 24.kg
Чүй облусунда айдоочу жөө жүргүнчүнү коюп кетип, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу аймактын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, жол кырсыгы Беловодск айылындагы Ленин көчөсүндө 23-ноябрга караган түнү саат 00: 35 чамасында болгон. Subaru Forester унаасынын айдоочусу 46 жаштагы аялды коюп кеткен. Жабырлануучу окуя болгон жерден көз жумган.
Кылмышка шектүү катары 38 жаштагы айдоочу кармалды. Анын унаасы айып короосуна токтотулду.