Чынберди Төлөнов Жогорку Кеңештин жыйынында ант берди

10:56, 23 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чынберди Төлөнов ант берди. Парламент спикери жаңы кесиптешине ийгилик каалады.

Эске салсак, Чынберди Төлөнов жасалма диплому аныкталгандан кийин мандатынан ажыратылган Фархат Исмаиловдун ордуна депутат болду. Мурдагы депутат бул чечимге нааразы болуп сотко кайрылган, бирок анын талабы канааттандырылган эмес.