Чүй облусунда 755 жолу жол эрежесин бузган айдоочу кармалды

10:04, 23 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 755 жолу жол эрежесин бузган айдоочу кармалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 30-майынан 2023-жылдын 20-ноябрына чейин «Шевроле-Лачетти» үлгүсүндөгү унаасы менен 755 жолу жол эрежелерин бузуп, видео байкоого түшүп калган.

Айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн айдоочу Бишкек-Кордай унаа жолунда кармалып, унаасы айып короосуна токтотулду.