Бишкекте үч эм төрөлдү

12:57, 22 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкекте үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын 33 жаштагы тургуну бир кыз жана эки уулду кесарево жолу менен жарык дүйнөгө алып келди. Наристелер кош бойлуулуктун 36-жумасында төрөлүштү.

«Ымыркайлардын төрөлгөндөгү салмагы , жана болгон. Эне менен ымыркайлардын абалы туруктуу», — деп белгиледи мекеме.

Фото Саламаттык сактоо министрлиги. Бишкекте үч эм төрөлдү