Бишкектин Ленин райондук соту "Арча-Бешик" конушунда табылган ымыркайдын апасынын бөгөт чарасын аныктады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Ал үй камагына чыгарылды.
Эске салсак, 19-ноябрда саат 22:45 чамасында «102» кызматына Арча-Бешик конушунун Кара-Кужур көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин алдында желим баштыкка оролуп, кагаз кутуга салынган жаңы төрөлгөн ымыркай табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Ымыркайдын апасы 2003-жылы төрөлгөн жаран экени аныкталып, ал райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.