Ысык-Көлдө изделип жаткан карыянын сөөгү Түп суусунан табылды

12:23, 22 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунун Түп районунда изделип жаткан карыянын сөөгү Түп суусунан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, издөө иштери үчүн дрон колдонулган.

Фото ӨКМ

Эске салсак, 17-ноябрда 78 жаштагы жергиликтүү тургун үйүнөн чыгып, кайтып келген эмес.

Жаранды издөө иштерин куткаруучулар жана туугандары жүргүзүшкөн.