Кара-Балта дарыясына жыйырма тонна бензин төгүлдү

11:18, 22 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Кара-Балта дарыясына жыйырма тонна бензин төгүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя күйүүчү май ташуучу унаанын катышуусундагы жол кырсыгынан кийин болгон.

ӨКМдин басма сөз кызматы
ӨКМдин басма сөз кызматы

Маалыматка ылайык, кечээ Бишкек — Ош жолунун 113-чакырымында күйүүчү май ташуучу унаа жолдун четиндеги тосмону сүзүп, оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 28 жаштагы айдоочу жабыркап, райондук ооруканага жеткирилди.

Цистернадан 20 тонна бензин Кара-Балта суусуна төгүлгөн. Талды-Булак жана Сосновка айылдарына ичүүчү суу убактылуу жабылды.

Учурда суунун курамын текшерүүгө экспертизага алып кетишти.