15:35, 21 ноября 2023, Бишкек - 24.kg
УКМК кызматкерлери тарабынан Бишкекте 1997-жылы туулган Өзбекстандын А.С.Ш. аттуу жараны кармалды. Ал өз мекенинде издөөдө жүрөт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
«А.С.Ш. кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү болуп, Өзбекстанда оор кылмыш жасагандыгы аныкталды. Кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Баткен облусунун аймагы аркылуу эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Ал Өзбекстандын укук коргоо органдары тарабынан эл аралык жана мамлекеттер аралык издөөгө алынган», — деп билдирди УКМК.
А.С.Ш. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Өзбекстанга чыгарылды.