14:11, 21 ноября 2023, Бишкек - 24.kg
«Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө пунктунда транспорт каражаттарынын топтолуусу катталды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Саат 13: 00гө карата «Ак-Тилек» бекетинде чек ара көзөмөлүнөн өтүү үчүн кезекте 510 жүк ташуучу унаа турат.
«Кыргызстан менен Казакстандын чек ара кызматтары тарабынан жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген жок. Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы бардык өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат», — деп билдиришти мекемеден.
Чек арада унаалардын топтолушунун себеби жүк агымынын көбөйүшү болгон.