Бишкектин Биринчи май райондук соту NazarNews.kg сайтынын башкы редактору Гүлжан Шерипбаеваны үй камагына чыгарды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнөн түшкөн.
Гүлжан Шерипбаева 2024-жылдын 15-январына чейин үй камагында болот.
Эске салсак, 18-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясынын чечими менен ал Бишкектеги № 1 тергөө абагына 2024-жылдын 15-январына чейин киригизилген. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин «расалык, этностук, улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.