21:47
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

«Чалдыбар» өткөрмө бекетинде адамдарды, транспортту өткөрүү убактылуу токтотулат

«Чалдыбар» көзөмөл-өткөрүү пунктунда адамдарды, транспортту жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чектөө 20-ноябрда саат 9:00дөн 11:00гө чейин тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасынын жаңылануусуна байланыштуу киргизилет.

«Чалдыбар» өткөрмө пункту кыргыз-казак чек арасында жайгашкан жана эл аралык болуп саналат.

Эң көп окулган жаңылыктар