Бишкекте № 107 жаңы автобус каттамы ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим шаардын транспорт тармагын оптималдаштыруунун жана тургундардын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен мекемелер аралык комиссия тарабынан кабыл алынды.
«Эми № 107 кичи автобустун ордуна ушул эле номердеги автобустар жүрө баштайт», — деп илдирди мекеме.
Маршрут «Арча-Бешик» конушунан «Ак-Босого» конушуна чейин созулат, автобустардын аралыгы 8-10 мүнөттү түзөт. Бул линияга 21 автобус чыгат.