Бүгүн, 17-ноябрда Бишкекте 8:30дан тарта бардык троллейбус каттамдары убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мындай чектөөлөр КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясы өтүп жаткандыгына байланыштуу.
«Жолдордун ачылышы жана жабылышы тууралуу алдын ала маалымат берилет», — деп белгилешти мекемеден.
Мэрия ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.