Казакстандын борборунда Манастын эстелиги орнотулат

14:47, 16 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Казакстандын борборунда Манастын эстелиги орнотулат. Бул тууралуу өлкөнүн Казакстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Дастан Дүйшөкеев билдирди.

Фото Дастан Дүйшекеев

Анын айтымында, Астанада Манас баатырдын эстелигин орнотуу иштери аяктап жатат. Дипломат эстелик шаардын борбордук көчөлөрүнүн биринде жайгашканын белгиледи. Расмий ачылыш күнү кийинчерээк билдирилет.