11:53, 16 ноября 2023, Бишкек - 24.kg
2010-жылы июнь окуясы учурунда Жалал-Абад шаарында массалык башаламандыктардын уюштуруучулары жана лидерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 13-ноябрында Сузак районунун Таш-Булак айылынын аймагынан Г.Т.У. аттуу жаран кармалды. Ал 2010-жылдын июнь айында Сузак районунун аймагында массалык баш аламандыктарды уюштурууга активдүү чакырып, жолдорду тосууну, тосмолорду орнотууну, сепаратисттердин көзөмөлүндөгү аймактардан чыгып кетүүгө аракет кылган жөнөкөй жарандарга кол салууларды уюштурган сепаратисттик топтордун лидерлеринин бири болгон.
Ошондой эле, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Р.А. аттуу жарандын сепаратисттик иштерге тиешеси бар экендиги жөнүндө маалыматтар табылган. Ал 2010-жылдагы июнь окуясында Сузак районундагы «Круговое» деп аталган жер тилкесине жооптуу болгон. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда: