Бишкекте автобус жол кырсыгына кабылды, жабыркагандар бар

15:15, 15 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

№ 48 автобус Чыгыш автовокзал районунда жол кырсыгына кабылды. Бул жөнүндө 24.kg басылмасына Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жети жүргүнчү жана автобустун айдоочусу жабыркап, аларды тез жардам кызматы алып кетти. Учурда жол кырсыгынын себеби аныкталып жатат.

Фото мэриянын басма сөз кызматы. Автобус жол кырсыгына кабылды