10:40, 15 ноября 2023, Бишкек - 24.kg
16-17-ноябрда Бишкекте КМШ мамлекеттеринин Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясы өтөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Делегациялар өтүп жаткан учурда айрым жол тилкелери убактылуу жабылат:
"Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну жана тыгындарды болтурбоо үчүн жол кыймылынын эрежелерин, жолдо жүрүүнүн маданиятын сактоону, транспорт каражаттарын аталган көчөлөрдүн боюна калтырбоону суранабыз. Кырдаалга жараша башка жолдор жабылса, кошумча маалымат берилет", — деп белгиледи мекеме.