Ажылык сапарына каттоо аяктады

14:35, 14 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Мекке жана Медина ыйык шаарларына ажылыкка барууну каалагандарды каттоо аяктады. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, баары баштапкы төлөмдүрүн төгүштү.

Кыргызстандын 6 миң 524 жараны банкка 2 миң доллар өлчөмүндөгү баштапкы жана 1 миң сом кайтарымсыз төлөмдү төгүшкөнү белгиленди.

Эскерте кетсек, 2024-жылы Кыргызстан үчүн ажылыкка 6 миң 60 орун берилген. Муфтияттын маалыматы боюнча, алардын 500ү резервде калат.