Түп районунун жалпы дарыгерлик практика борбору санарип флюорограф сатып алат

11:07, 14 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Түп районунун жалпы дарыгерлик практика борбору санарип флюорограф жабдуусун сатып алат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, рентген нурларынан коргой турган кабинасы бар аппаратын сатып алууга уюм 10 миллион сом коротууну пландап жатат.

Белгилей кетсек, флюорограф келишим түзүлгөндөн кийин беш күндүн ичинде орнотулушу керек.