Сауд Арабиядан келген хирургдар жүрөккө акысыз операция жасай башташты

10:32, 14 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанга Сауд Арабиядан келген хирургдар жүрөккө ачык операция жана коронарография жасай башташты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстанга Салман падышасы атындагы гуманитардык жардам жана куткаруу борбору аркылуу 30 хирург келди.

Кыргызстандык адистер менен бирге алар жүрөккө 20 ачык операция жана 50дөн ашык стент коюу операциясын жасашат. Адистер керектүү медициналык жабдууларды жана стенттерди ала келишкен.

Саламаттык сактоо министрлиги. Кыргызстанга Сауд Арабиядан хирургдар келди
Саламаттык сактоо министрлиги. Кыргызстанга Сауд Арабиядан хирургдар келди
Саламаттык сактоо министрлиги. Кыргызстанга Сауд Арабиядан хирургдар келди