Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата Венгрияда кыргыз кино күндөрү өткөрүлөт

10:24, 14 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

16-17-ноябрда Венгрияда кыргыз кино күндөрү өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Будапешттеги элчилигинен кабарлашты.

Элчиликтин маалыматы боюнча, иш-чара Кыргызстандын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган.

Кино көрсөтүүлөр этнографиялык музейде өтөт.

Эрнест Абдыжапаровдун «Сагынбай манасчы» жана Болотбек Шамшиевдин «Ак кеме» тасмалары ачык форматта көрсөтүлсө, Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы жабык көрсөтүлөт.