Аламүдүн районунда өспүрүмдү унаа коюп кетип, каза болду

13:48, 10 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында BMW Х5 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу өспүрүмдү коюп кеткен. Ал жеринде каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 9-ноябрда саат 23:50дө Горький көчөсүндө болгон. 2007-жылы туулган өспүрүм алган жаракатынан улам ошол жерден көз жумган. Айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен.

Шектүү милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. 26 жаштагы С.М.Д. аттуу жаран Аламүдүн райондук милиция бөлүмүнө жеткирилип, унаасы айып короого токтотулду.

Фото ЖКККБ. Аламүдүн районунда өспүрүмдү унаа коюп кетип, каза болду