Орусиянын Ички иштер министрлиги «Нелегал—2023» операциясынын эки баскычында миграциялык мыйзамдарды бузуунун 96 миң учуру катталганын, 15 миң чет өлкөлүк депортация болгонун билдирди.
Кайсы өлкөлөрдүн канча жараны Орусиядан чыгарылганы айтылган жок.
Бир нече күн мурда Орусиянын Ички иштер министрлиги жакында Москванын аэропортторунда мигранттардан дактилоскопия (бармак издерин алуу) жана сүрөткө түшүрүү иштерин жүргүзө баштары кабарланды.
Орусиянын Мамлекеттик Думасында сентябрдан тарта жарандык алган, армияга барбай, аскердик милдетин өтөбөгөн мурдагы мигранттарды жарандыктан ажыратуу тууралуу мыйзам долбоору каралары да маалымдалган.
Айрым маалыматтарга ылайык, мыйзамсыз мигранттарга каршы күрөшкө жамынып орус бийлиги ал жакта иштеп жаткан чет өлкөлүктөрдү — айрыкча борбор азиялыктар менен кавказдыктарды Украинадагы согушка салууну көздөйт. Полиция базарларда, мечиттерде рейд жүргүзүп, кармалгандарды аскер комиссариаттарына алып барышканын күбөлөр да, медиа да кабарлашкан.