Бишкекте кечээ үч жашар кызды уурдап кетишти. Маалыматты 24.kg агенттигине Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, кыздын апасы милицияга кайрылып, Жибек-Жолу проспектисиндеги соода борборунун оюн залдарынын биринде белгисиз адамдар кызын уурдап кетишкенин айткан.
Кылмыш-жаза Кодексинин 165-беренеси «адам уурдоо» боюнча кылмыш иши козголду.
Издөө иштеринин натыйжасында эки шектүү — 13 жаштагы Т.А. жана 25 жаштагы Р. М. аттуу жарандар кармалып, укук коргоо органдарына жеткирилди. Окуянын чоо-жайы такталууда.