Президент Садыр Жапаров Париж шаарына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысынын борту «Шарль-де-Голль» эл аралык аэропортуна конду.
Эске салсак, мамлекет башчысы Париж тынчтык форумунун алкагында «Бир планета» саммитине жана ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясына катышат.
Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.