Чечимде бул ишти кайра кароого Конституциялык сотунун төрагасы Эмил Өскөнбаевдин сунушу негиз болгону белгиленген.
Конституциялык сот 2023-жылдын 30-июнундагы чечимине түшүндүрмө берип, «матчество» айрыкча мамилени жана мыйзам чараларын талап кылган өзгөчө учурларда гана берилиши мүмкүн болгонун эскертти. Бул учурлар социалдык нормаларга туура келбеген, бирок юридикалык жактан чечүүнү талап кылган өзгөчө кырдаалдарды камтышы мүмкүн.
«Турмуштук трагедияларды башынан өткөргөн жана психологиялык же физикалык травма алган, же жашоосундагы атасынын ролуна байланыштуу башка терс кырдаалдарга кабылган адамдардын укуктары жөнүндө сөз болгон. Эгерде ушул себептен адам атасынын атын алып жүргүсү келбесе, андан баш тартуу укугу 18 жашка толгондо гана берилиши керек болчу», — деп айтылат соттун чечиминде.
Бирок соттун мындай позициясы коомдук резонанс жаратып, «матчество институту» кыргыз элинин адеп-ахлак, нарк-насилине жана салттарына доо кетирген терс көрүнүш катары кабыл алганган.
Конституциялык сот 30-июнда активист Алтын Капалованын «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамдын талапка жооп бериши текшерилсин деген арызы тууралуу чечим чыгарган. Анда Үй-бүлө кодексинин 63-беренеси жана «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамдын 30-беренеси Конституцияга каршы эмес деп табылган.
Конституциялык сот бала 18 жашка чыкканда өз каалоосу менен «атасынын аты» деген графага апасынын атын жаздырууга укугу бар экенин айткан.
«Конституциялык сот жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси ушул чечимден кийин көтөрүлгөн.
«Конституциялык сот жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин президент Садыр Жапаров көтөргөн. Документте Конституциялык соттун чечими президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы менен кайра каралышы мүмкүн экени көрсөтүлгөн.
Президент «Конституциялык сот жөнүндө» жөнүндө талаштуу мыйзамга 3-октябрда кол койгон.