Бишкекте баңги жана психотроптук заттарды даярдоого шектелген жаран кармалды

13:29, 09 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, 3-ноябрда « кызматына белгисиз адам унаада баңги затын сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине (баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү 26 жаштагы У.Н. аттуу жаран кармалды. Анын унаасынан гашиш табылды. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери уланып, бардык керектүү экспертизалар дайындалды.