Рацек чокусуна чыгуу учурунда жаракат алган россиялык турист куткарылды

09:59, 09 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Рацек чокусуна чыгуу учурунда жаракат алган россиялык турист куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, орусиялык альпинист-туристти ӨКМге караштуу авиациялык издеп-куткаруу кызматынын учкучтары жана «Ак-Сай Трэвел» ЖЧКсынын кызматкерлери куткарды. Ал чокуга чыгуу учурунда бутунан жаракат алган.

Альпинисттер чет өлкөлүк жаранды деңиз деңгээлинен 3,9 миң метрге алып түшүп, андан соң тик учак менен эвакуациялашты.