Жыл сайын БУУ Кыргызстандын өнүгүүсүнө 100 миллион доллар гранттык жардам берет

14:36, 03 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Жыл сайын Бириккен улуттар уюму Кыргызстандын өнүгүүсүнө 100 миллион доллар гранттык жардам берет. Бул тууралуу "Жакырчылык жана теңсиздик" улуттук форумунда министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылдын ноябрында 64 миллион долларга түрдүү долбоорлор ишке ашырылган.

"Анын ичинен 26 миллион доллар социалдык секторго, 10 миллион доллар экономикага, 19 миллион доллар  айлана-чөйрөгө жана климатка, 9 миллион доллар мамлекеттик башкарууга жана укук үстөмдүгүнө бөлүнгөн", - деди Акылбек Жапаров жана БУУ системасына өлкөгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.