Суучулдар Ысык-Көлдөн жети айдын ичинде 22,5 миң килограмм таштанды чыгарышты

12:28, 02 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдар борборунун кызматкерлери аба ырайынын бузулганына карабай көлдү тазалоону улантышууда. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы жумада суучулдар Ой-Тал жана Жаркынбаев айылдарындагы көл жээгин, Түп районундагы булуңду тазалашты.

12-мартта башталып, 1-ноябрда аяктаган тазалоо иштеринин жүрүшүндө Ысык-Көлдүн флорасы менен фаунасына зыян келтирген 22 миң 456 килограмм ар кандай таштандылар жана 143 миң метр балык уулоочу торлор чыгарылды.

Белгилей кетсек, буга чейин мамлекет башчысы кыргызстандыктарды Ысык-Көлдө эс алуу учурунда тазалыкты сактоого чакырган. Ал «Улуттук тазалык күнү жөнүндө» жана «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыктарга кол койгон. «Таза мурас» программасын өткөрүү боюнча иш-чаралар планы иштелип чыккан.