Ошто биринчи мамлекеттик дарыкана ачылды

09:56, 02 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында № 8 үй-бүлөлүк медицина борборунда «Эл аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ал жакта 800дөн ашык дары-дармектертин түрү бар. Шаар тургундары дарыларды жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан ала алышат. Ошто мындай үч дарыкана ачуу пландалууда.

 Мамлекеттик дарыканаларды ачуунун негизги максаты — калкты жеткиликтүү дары-дармек менен камсыз кылуу жана баа саясатын туруктуу кармоо болуп саналат.

Эскерте салсак, октябрдын аягында Бишкекте мамлекеттик дарыкана ачылган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, мындай дарыканалар республика боюнча ачылат.