«Абдыш-Ата» футболдук клубу Кыргызстандын чемпионаты аяктаганга чейин эле алтын медалдын ээси болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.
Кечээ Кант шаарында «Абдыш-Ата» менен «Нефтчи» командалары ойноп, ал кожоюндардын жеңиши менен аяктады — 1:0.
«Абдыш-Ата» клубу экинчи позицияны ээлеген «Дордой» командасынан беш упай алдыда.
Белгилей кетсек, клуб кечээ чемпиондук титулун коргоп калды.