Эми автоунааларды «Түндүк» тиркемеси аркылуу кайра каттоого болот

15:06, 01 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Эми Кыргызстандын жарандары өз унааларын онлайн режимде «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу кайра каттай алышат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Унааларды онлайн режиминде кайра каттоо үчүн төмөнкүлөр керек:

  • «Түндүк» тиркемесине катталуу;
  • Никеси бар болсо, унааны сатууга макулдук берүү үчүн жубайын/жолдошун «Түндүк» мобилдик тиркемесине каттатуу;
  • «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүндө автоунааны текшерүүдөн өткөрүү (текшерүүнүн мөөнөтү 30 күн);
  • транспорт салыгын төлөгөндүгү тууралуу квитанция.

«Пилоттук долбоор бир жылга башталды. Онлайн кайра каттоо ийгиликтүү ишке ашырылса, система туруктуу негизде иштей баштайт. Маанилүү: онлайн кайра каттоо айып пулдар, туумдар, салыктар боюнча карызы жок болгон учурда, ошондой эле жол эрежесин бузгандыгы үчүн менчик ээлерине берилген айыптар жок болгон учурда жеткиликтүү», — деп айтылат маалыматта.