Билим берүү министрлиги 13 жаштагы баланын өлүмү тууралуу комментарий берди

09:40, 01 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Билим берүү жана илим министрлиги Караколдо 13 жаштагы баланын өлүмү тууралуу комментарий берди.

Мекеменин маалыматы боюнча, каза болгон бала №3 мектеп-гимназиянын 7-классынын окуучусу болгон. Ал мектепте жакшы окуган окуучулардын катарына кирчү.

30-октябрда ал сабакка толук катышып, бирок үйүнө барган эмес. Ата-энеси милицияга кайрылган. Мугалимдер, ата-энелер, окуучулар жана милиция кызматкерлери издөө иштерин баштаган.

Кечинде баланын сөөгү стадиондун жанындагы чуңкурдан табылган.

31-октябрь күнү баланын телефону табылып, анда анын видео кайрылуусу болгон. Бирок министрлик анда эмне айтылганын билдирген жок.

Буга чейин Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы 30-октябрда милицияга жергиликтүү тургун 13 жаштагы уулун издеп кайрылганын, ал ошол күнү мектепке кетип, кайтып келбегенин билдирген. Арыз ИИБге катталып, издөө иштери башталган. Баланын сөөгү Каракол стадионунун жанындагы чуңкурдан табылган.