15:35, 31 октября 2023, Бишкек - 24.kg
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу айдоочуларды дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырууну эскертти.
Кыргызстанда 31-октябрда эртең менен жана түштөн кийин жана 1-2-ноябрда абанын температурасынын кескин төмөндөшү күтүлөт:
«Туруксуз аба ырайы автоунаа, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Мындай интенсивдүүлүктөгү үшүк мөмө-жемиш өсүмдүктөрү, казылган жана жабылбаган картошка үчүн кооптуу. Чоң-Ашуу, Сөөк, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк, Чапчыма, Долон ашууларына тайгаланууга каршы инерттүү материалдар жеткирилүүдө. Жолдорду кардан тазалоо жана инерттүү материалдар менен чачуу үчүн атайын техника оңдолуп жатат», — деп билдиришти мекемеден.