Эдгар Бернхардт футбол боюнча кураманын башкы машыктыруучусунун жардамчысы болду

09:21, 31 октября 2023, Бишкек - 24.kg

Эдгар Бернхардт футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусунун жардамчысы болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Фото

Маалыматка ылайык улуттук курама команданын мурдагы жарым коргоочусу Эдгар Бернхардт «Ак шумкар» командасынын машыктыруучулар штабына кирди.

Ал башкы машыктыруучу Штефан Тарковичтин жардамчысы болуп дайындалды.

Эскерте кетсек, Эдгар Бернхардт 2022-жылга чейин курамада болгон жана командада 41 беттеш өткөргөн.