«Достук» өткөрмө бекети адамдарды, транспортту өткөрүүнү убактылуу токтотту

13:06, 30 октября 2023, Бишкек - 24.kg

«Достук» көзөмөл-өткөрмө пункту адамдарды, транспортту жана жүктөрдү өткөрүүнү убактылуу токтотту. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы билдирди.

Чектөө 30-октябрда саат 12:00дөн 14:00гө чейин тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасынын жаңылануусуна байланыштуу киргизилди.

Мекеме кошумчалагандай, «Достук-автожол» өткөрүү пункту эл аралык болуп саналат жана күнү-түнү иштейт.