Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, үч баланы алып чыгышты

15:27, 27 октября 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыгып, куткаруучулар үч баланы алып чыкканга жетишишти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык өрт сегизинчи кабаттан чыккан.

Жалпысынан өрттү өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп тартылып, 11 адамды эвакуацияланды.

Учурда өрт толугу менен өчүрүлдү.

Фото ӨКМ