13:22, 27 октября 2023, Бишкек - 24.kg
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларга коопсуздук үчүн жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып, алыскы жолдо каршы тилкеге чыкпоону эскертти.
Мекеменин маалыматына ылайык Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда суу кар жаап, жумушчулар жолго инерттик материалдарды чачып жатышат.
Ала-Бука — Жаңы-Базар — Киров унаа жолундагы Чапчыма ашуусунда жамгыр аралаш кар жаап, болжол менен 2-3 сантиметрге жетти.
Ошондой эле Талдык, Тоңмурун, Ала-Бел, Өтмөк ашууларында учурда кар жаап, күн бүркөө.
«Коопсуздук үчүн жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырып, алыскы жолдо каршы тилкеге чыкпай, айдоо учурунда 500 метр аралыкты сактоону эскертет. Жумушчулар инерттик материалдарды тайгак жолдорго чачып, жол кырсыктарын алдын алуу максатында тиешелүү иштерди жүргүзүүдө», — деп айтылат маалыматта.