15:25, 26 октября 2023, Бишкек - 24.kg
Балыкчы шаарында алдамчылыкка шектелип, критөбөл кармалды. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык кармалган жаран 49 жаштагы Б.Б. аттуу жергиликтүү тургун.
Буга чейин Ысык-Көл облусунун тургуну Балыкчы ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Алдамчылык аракеттердин натыйжасында арыз ээсине 3 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирилген.
Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө кармалган шектүү кылмыш дүйнөсү менен тыгыз байланышта экени жана анын идеологиясын карманары, ошондой эле Балыкчы шаарында кримтөбөл экени аныкталган.
Кармалган жаран сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө уланууда.