ШКУ саммити жыйынтыкталып, өкмөт башчылары бир катар документтерге кол коюшту

13:47, 26 октября 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин кеңейтилген форматтагы жыйыны аяктады.

Анын жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду:

  • Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар (премьер-министрлер) кеңешинин жыйырма экинчи отурумунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен коммюнике;
  • Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгынын ШКУга мүчө мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташуу программасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар жана кеңешмелер жөнүндө отчету тууралуу Өкмөт башчылар кеңешинин (ӨБК) чечими;
  • 2022-жылга бюджеттин аткарылышы боюнча ШКУнун финансылык отчету тууралуу ӨБК чечими;
  • Шанхай кызматташтык уюмунун 2024-жылга бюджети жөнүндө ӨБК чечими;
  • Шанхай кызматташтык уюмунун финансылык эрежелери жөнүндө ӨБК чечими;
  • Шанхай кызматташтык уюмунун туруктуу иштеген органдарынын кызмат адамдарынын эмгек акысы, кепилдиктери жана компенсациялары жөнүндө жобо тууралуу ӨБК чечими;
  • ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы аудиторлор комиссиясынын ШКУнун туруктуу иштеген органдарынын финансылык-чарбалык ишине тышкы аудит жүргүзүү боюнча баяндамасы тууралуу ӨБК чечими;
  • ШКУга мүчө мамлекеттердин темир жол администрацияларынын (темир жолдорунун) өз ара аракеттенүү Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы жөнүндө ӨБК чечими (Ташкент, 2019-жылдын 2-ноябры);
  • Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгынын штаттык расписаниеси боюнча ӨБК чечими;
  • Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык антитеррордук түзүмүнүн аткаруу комитетинин штаттык расписаниеси жөнүндө чечим;
  • ШКУ аймагынын сатып алуучулар менен сатуучулардын санариптик жолугушуусунун концепциясы боюнча ӨБК чечими;
  • 2017-жылдын 1-декабрындагы Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;
  • ШКУга мүчө-мамлекеттердин тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердигине жооптуу министрликтеринин жана мекемелердин санариптик соода чөйрөсүндө кызматташуу келечегин изилдөө демилгеси (кол коюусуз кабыл алынган);
  • 2024-жылы ШКУнун «Экология жылын» өткөрүү боюнча иш-чаралар планы.