12:17, 26 октября 2023, Бишкек - 24.kg
Камчы Көлбаевдин каражатына сатылып алынган 15 баш асыл тукум жылкылар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык алардын жалпы суммасы мекемелер аралык баалоо комиссиясынын корутундусу боюнча 79 миллион 790 миң сомду түзөт.
Алардын тизмеси:
«Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун аталган мүлктөрү кийин аукциондо сатуудан түшкөн каражаттар мамлекеттик бюджетке кайтарылат», — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин УКМК Камчы Көлбаевдин мыйзамсыз жол менен алынган бардык мүлкүнүн алдын ала жалпы баасы 1 миллиард долларды түзөрүн билдирген.
Эске салсак, 4-октябрда Бишкекте атайын операциянын жүрүшүндө Камчы Көлбаев жок кылынган. УКМКнын басма сөз борбору уюшкан топтун лидерин кармоо жүргүзүлүп, куралдуу каршылык көрсөткөндөн кийин өлтүрүлгөнүн билдирген.
Ушундан кийин социалдык тармактарда кримавторитеттер Улан Токтосунов (Сакал), Кадырбек Досонов (Дженго), Улан Барчакеев (Узун Улан), Бактыбек Аманкулов жана Алмазбек Эрмекбаевдин криминалдык макамдан баш тартып, мындан ары Кыргызстандын мыйзамдарын сактоого убада берген видео кайрылуулары пайда боло баштады.